Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:10

Ноокатта УКМК кызматкерлери бычакталды


Оштун Ноокат районунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) эки кызматкери бычакталып, ооруканага түштү. Окуя 9-октябрда кечинде борбордук базардын айланасында болгон. Шектүүлөр изделип жатканын аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

УКМК тараткан кабарга ылайык, алар эл аралык террордук топтун мүчөлөрүн кармоо боюнча атайын операцияда бычак жеген. Факт боюнча Ноокат райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоду. Террордук топтун мүчөлөрүнүн тек-жайы аныкталып, аймакта аларды колго түшүрүү боюнча “Перехват” планы жарыяланды.

Ноокат аймактык ооруканасынын башкы врачы Асамидин Марипов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, атайын кызматтын эки өкүлүн жарадар абалында түндө бейтапканага алып келишкен. Экөө тең көкүрөккө бычак жеп, биринин өпкөсү тешилген. 2-2,5 литр кан жоготушкан. Аларга таңкы саат төрттөргө чейин операция жасалган. Учурда өздөрүнө келип, абалдары канааттандырарлык боло баштады. (SE/КЕ)

XS
SM
MD
LG