Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:56

Кош бойлуу өспүрүм кыз окуган мектептин директору кызматтан алынды


Чүй облусунун Лебединовка айылындагы №2 мектептин 7-классынын окуучусу 28 жумалык кош бойлуу экени аныкталды. Бул окуяга байланыштуу мектеп директору өз каалоосу менен арызын жазып, кызматтан кетти. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат катчысы Марина Греченая кабарлады.

- Учурда милиция өкүлдөрү иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Окуучу кыз апасы жана өгөй атасы менен жашайт экен. Кызды ооруканага апасы алып барган, кош бойлуу экенин билгенден кийин мектептеги документтерин алып кетти. Окуучулар менен сүйлөшүп, тарбия иштерин жетишерлик жүргүзбөгөнү үчүн социалдык педагогго сөгүш жарыяланды. Ал эми класс жетекчинин жоопкерчилигин мектеп өзү карайт.

Расмий маалыматтар боюнча балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөн учурлар былтыркыга салыштырмалуу дээрлик эки эсе көбөйдү. 2016-жылы балдарга жасалган 400дөй кылмыш катталса, анын 30дан ашууну сексуалдык мүнөздө болгон. Быйыл жарым жылда эле 400дөн ашык кылмыш катталып, анын 50дөн ашыгы сексуалдык мүнөздө экени кабарланды.

Сентябрдын соңунда Таласта 7-класстын окуучусу көз жарган. 14 жаштагы кыз менен жыныстык катнашка барды деп 18 жаштагы жаранга кылмыш иш козголгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG