Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:35

КМШ байкоочулары мыйзамдар менен таанышты


Шериктештик өлкөлөрдөн Кыргызстандагы президенттик шайлоого байкоо салганы келген миссия Башкы прокуратуранын жетекчилиги менен жолугушту. Анда байкоочуларга шайлоо өнөктөштүгү учурунда мыйзам сактоо жана прокуратурада шайлоодогу мыйзамдуулук боюнча атайын түзүлгөн штаб боюнча маалымат берилди. Штаб Борбордук шайлоо комиссиясы жана мамлекеттик тиешелүү органдар менен чогуу президенттик шайлоонун мыйзамдуу өтүшүнө көзөмөл кылат.

Мындан тышкары Шериктештик өлкөлөрүнүн байкоочулар миссиясынын башчысы Евгений Слобода ЕККУнун байкоочулар миссиясынын жетекчиси Александр Кельчевский менен жолугуп, Кыргызстандагы президенттик шайлоонун жүрүшү тууралуу пикир алышты.

БШКнын маалыматы боюнча, 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого көз салуу үчүн 700дөн ашуун эл аралык байкоочу расмий катталган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG