Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:03

Саляновага өкүм чыгары күтүлүп жатат


Ленин райондук сотунда Аида Салянованын соту жабык өтүп жатат. Журналисттер процесске киргизилген жок. Кечирээк акыйкатчы Кубат Оторбаев менен Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү Каныбек Иманалиев процесске киргизилди.

Айыпталуучу Аида Салянова сот мыйзамды бузуп жатат деген пикирин журналисттерге билдирди:

- Менин ишимде башынан бери жактоочу болуп келе жаткан Чынара Жакупбековага жарыш сөз берилген жок. Мен акыркы сөзүмдү айтуу укугумдан ажыратты. Демек, биздин сөздөрүбүз судья үчүн маанилүү эмес. Менин оюмча мага чыгарылчу өкүм даяр болсо керек.

Аида Салянова өзүнө каршы козголгон кылмыш иши сот процессинде далилденбегенин белгилеп, сот өзүн актаган чечим чыгарууга тийиштигин кошумчалады.

Кабарчыбыздын маалыматы боюнча, Ленин райондук сот имаратынын айланасына милиция кызматкерлери чогулуп жатканын байкоого болот.

Бүгүн Ленин райондук сотунда иши каралып жаткан Аида Саляновага акыркы сөз берилбей, судья Кубанычбек Касымбеков өкүм чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кеткен.(ABe/ZKo)

XS
SM
MD
LG