Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:40

Муфтият мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө


Кыргызстандагы мусулмандар дин башкармалыгы башка мамлекеттик органдар менен чогуу өспүрүмдөрдүн экстремисттик жана террористтик агымдарга берилип кетүүсүнө бөгөт коюу жана суицид сыяктуу жагымсыз окуялардын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаевдин "Азаттык" радиосуна берген маалыматы боюнча, түшүндүрүү иштери муфтийдин буйругу менен өткөн жылдан бери жүргүзүлүп келе жатат:

- Жергиликтүү билим берүү башкармалыгы, милиция менен чогуу жүргүзүлүп жатат. Бул иш-чара өспүрүмдөрдү ар кандай жаман иштерден, кылмыштуулуктан сактоо максатында өтүүдө.

Атабаевдин кошумчалаганы боюнча, ушул тапта Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын казыяттары бул жаатта активдүү иштеп жатышат.

2015-жылы Кыргызстанда 100дөн ашуун бала суицидге барган. Өткөн жылы 80ден ашык бала өз өмүрүнө кол салган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG