Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Текебаев менен Чотонов №1 тергөө абагына которулду


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов.

“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов бүгүн, 10-октябрда УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги №1 тергөө абагына которулду. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна партиянын юристи Таалайгүл Токтакунова ырастады. Азырынча саясатчылардын кайсы абакка жиберилери белгисиз.

Жаза аткаруу кызматынан буга чейин билдиргендей, Текебаев жана Чотонов тергөө абагынан он күндүн ичинде бардык медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп, анан жалпы абакка которулат.

Бишкек шаардык соту 2-октябрда "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновду коррупция беренеси боюнча сегиз жылдан күчөтүлгөн тартипте абакка кескен жана үй-мүлктөрү мамлекетке чегерилсин деген Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

Текебаев жана Чотонов орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган деп айыпталган. Кылмыш ишти Башкы прокуратура козгоп, Улуттук коопсуздук комитети тергеген. Айыпталуучулар муну оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук деп атап келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG