Сириядагы Хмеймим аба базасында Орусиянын Су-24 аскердик учагы кырсыктап, андан экипаж мүчөлөрү мерт болду. Бул маалыматты Орусиянын Коргоо министрлиги тастыктады.
Орус басылмалары кабарлагандай, учак учуу тилкесинен чыгып кетип, кыйроого учураган.
"Экипаж учактан чыгууга үлгүрбөй, каза тапты",-деп билдирди Орусиянын Коргоо министрлиги.
Адатта Су-24 аскердик учагында эки экипаж мүчөсү болот. Учак кырсыгына техникалык абал себеп болгону айтылып жатат.
Орусия 2015-жылдын сентябрь айынан бери президент Башар Асаддын өкмөтүнө колдоо көрсөтүү максатында Сирияда аба операцияларын жүргүзүп келет.