Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:28

Райондук сот Аида Салянованы беш жылга кести


Мурдагы баш прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова
Мурдагы баш прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова

Кыргызстандын борборундагы Ленин райондук соту мурдагы баш прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерүү менен беш жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм кылды. Мындай өкүмдү 10-октябрда судья Кубанычбек Касымбеков чыгарды. Өкүмгө ылайык, Аида Салянова жазасын кызы 14 жашка чыккандан кийин өтөйт. Салянованын наристе кызы азыр үчкө чыга элек.

Аида Салянова өзү жана адвокаттары сот өкүмүнө макул эместигин билдиришти. Адвокат Чынара Жакупбекованын "Азаттык" радиосуна билдиришинче, аны жокко чыгаруу боюнча арыз шаардык сотко берилет.

Бүгүнкү соттук отурумда айыпталуучу Аида Саляновага жана адвокат Чынара Жакупбековага жарыш сөз сүйлөөгө уруксат берилген жок. Айыпталуучуга акыркы сөз да берилбеди.

Мындан улам оппозициячы саясатчы Аида Салянова сот мыйзамсыз иштегендигин, өзүнө жок жерден жалаа жабылганын, ага карата доо сотто эч далилденбегенин журналисттерге билдирди. (ABe/ZKo)

XS
SM
MD
LG