Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:59

Беларус лидери Брюсселдеги саммитке чакырылды


Александр Лукашенко
Александр Лукашенко

Европа Биримдигиндеги (ЕБ) расмий өкүлдөр кабарлагандай, Беларус президенти Александр Лукашенко биринчи жолу уюмдун кийинки айдагы Чыгыш өнөктөштүгүнүн саммитине чакырылды. Уюмдагы булактар "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна билдиришкендей, Беларус 24-ноябрда Брюсселде өтүүчү жыйынга Армения, Азербайжан, Грузия, Молдова жана Украина сыяктуу эле эч чектөөсүз катыша алат.

Саммитке чакыруулар 6-октябрда жөнөтүлгөн. Беларус Чыгыш өнөктөштүгүнүн буга чейинки төрт жыйынына чакырылган эмес.

Батыш расмийлери Беларусту 21 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенкону "Европанын акыркы диктатору" деп атап келишет. Лукашенко өз өлкөсүндө эркиндик чектелгени жана адам укуктары бузулганы тууралуу сындарды бир нече ирет четке каккан.

XS
SM
MD
LG