Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Грузин президенти конституциялык өзгөртүүлөргө вето койду


Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили
Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили

Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили парламенттик башкаруу системасын жана президенттин парламент тарабынан шайланышын жактаган конституциялык өзгөртүүлөргө вето койду.

Өткөн аптада "Грузин кыялы" партиясы үстөмдүк кылган парламент президенттин жана оппозициянын каршылыгына карабай, Башмыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү жактырган болчу. Маргвелашвили 9-октябрдагы телекайрылуусунда президенттин эл тарабынан түз шайланышын колдой турганын айтты.

Эми Конституциянын долбоору кайра парламентке жөнөтүлөт. Парламентте президенттин ветосун ашып өтүүгө жетиштүү добуш бар.

Конституциялык өзгөртүүлөрдүн арасында чет өлкөлүктөрдүн жер сатып алышын мыйзамдаштырган жобо да бар.

Грузияда кийинки президенттик шайлоо 2018-жылы өтөт. Маргвелашвили шайлоого катышар- катышпасын азырынча айта элек.

XS
SM
MD
LG