Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:44

Өспүрүмдү зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду


Чүй облусунун Лебединовка айылында кош бойлуу экени аныкталган 7-класстын окуучусу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) негизинде кылмыш иши козголду. Тиешелүү документтер прокуратура органдарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Чүй милициясынын маалымат катчысы Нурбек Токтосунов билдирди.

Аталган айылдагы №2 мектептин 7-классынын окуучусу 28 жумалык кош бойлуу экени аныкталып, окуяга байланыштуу мектеп директору кызматтан кеткенин Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат катчысы Марина Греченая “Азаттыкка” кабарлаган.

- Учурда милиция өкүлдөрү иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Окуучу апасы жана өгөй атасы менен жашайт экен. Кызды ооруканага апасы алып барган, кош бойлуу экенин билгенден кийин мектептеги документтерин алып кетти. Окуучулар менен сүйлөшүп, тарбия иштерин жетишерлик жүргүзбөгөнү үчүн социалдык педагогго сөгүш жарыяланды. Ал эми класс жетекчинин жоопкерчилигин мектеп өзү карайт.

Чүй милициясынын өкүлү Токтосунов азыр өгөй атасы алар менен чогуу жашабай турганын, күнөөлүү ким экени тергөөнүн жүрүшүндө аныктала турганын билдирүүдө.

Сентябрдын соңунда Таласта 7-класстын окуучусу көз жарган. 14 жаштагы кыз менен жыныстык катнашка барды деп 18 жаштагы жаранга кылмыш иши козголгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG