Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Орусияда соңку эки аптадагы 10-губернатор иштен кетти


Орус президенти Владимир Путин
Орус президенти Владимир Путин

Орусиянын президенти Владимир Путин Иваново облусунун губернатору Павел Коньковдун кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл алды. Кремлдин расмий сайтында 10-октябрда жарыяланган буйрукка ылайык, бул кызматты экономикалык өнүгүү министринин орун басары болуп иштеп келген Станислав Воскресенский убактылуу аркалай турган болду.

Павел Коньков соңку эки аптада кызматтан кеткен онунчу регионалдык жетекчи болуп калды. Кечээ 9-октябрда Омск аймагынын губернатору Виктор Назаров иштен кеткен. Ага чейин Красноярск, Нижний Новгород, Самара, Новосибирск сыяктуу бир катар облустардын, ошондой эле Дегастандын, Ненец автономдук районунун жетекчилери кызматын тапшырышкан.

Орусиядагы мындай ири кадрдык өзгөрүүлөрдү Батыш медиасы 18-мартка белгиленген президенттик шайлоого даярдык катары мүнөздөшүүдө.

XS
SM
MD
LG