Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

БШК Бабановдун үстүнөн түшкөн дооматтарды кароодо


БШКнын имараты.
БШКнын имараты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 10-октябрдагы жыйынында маалым болгондой, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Оштун Он-Адыр конушундагы сүйлөгөн сөзү боюнча он тогуз арыз келип түшкөн. Арыздарды эки жумушчу топ карап чыккан. Жумушчу топтор талапкер Бабановго бул сөзү үчүн үчүнчү ирет эскертүү берүүнү жалпы отурумда расмий сунуштады.

БШКнын мүчөсү Назарали Арипов жумушчу топ Бабановдун сөзүн үзүп, бурмалап берип жатат деген жүйөнү айтып, ошондуктан бул маселени кайрадан карап чыгуу зарылдыгын билдирди.

28-сентябрда Өмүрбек Бабановдун Оштун Он-Адыр кичирайонунун тургундары менен жолугушуусунда айткандары кыргыз-өзбек элдеринин ортосунда улут аралык чыңалууну пайда кылышы ыктымал деген түрдүү видеолор, комментарийлер интернетте тараган. Ошто, Өзгөндө жана Жалал-Абадда Бабановго каршы тынчтык митингдери өткөн. Таласта болсо талапкер Өмүрбек Бабановду каралоону токтотуу талабы менен митинг болгон.

Өмүрбек Бабановдун штабы болсо, аны каралоо максатында интернетке талапкердин атайын монтаждалган видеотасмасы таратылганын айтып чыккан.

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго буга чейин эки жолу БШК тарабынан эскертүү берилген. Биринчиси - үгүт баннерлерине өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана башка айрым мамлекеттик кызматкерлердин сүрөтүн илгени үчүн, экинчиси - диний ишмер Садыкжан Камаловду үгүт иштерине аралаштырганы үчүн берилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG