Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

Жээнбековдун Сузактагы жолугушуусуна жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты


Президентикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун Сузак районунун борборундагы жолугушуусу, 10-октябрь, 2017
Президентикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун Сузак районунун борборундагы жолугушуусу, 10-октябрь, 2017

Президентикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун Сузак районунун борборундагы аянтта өткөн жолугушуусуна район акими Эрмекбай Омошев, Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы Аскар Сариев жана башка мамлекеттик кызматкерлер катышты. Жолугушууга катышкан "Азаттыктын" аймактык кабарчысы билдиргендей, бул жетекчилер Жээнбеков сүйлөп жаткан трибунанын жанында баарын күзөтүп турушту. Жээнбековдун шайлоочулар менен болгон жолугушуусу учурунда Сузактын борбордук көчөсү үч саатка жабык болду. Мындан сырткары талапкеркердин сүрөтү түшүрүлгөн футболкаларды айрым мектеп окуучулары кийип, желектерди көтөрүп жүрүштү. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик кызматкерлер жана мектеп окуучуларын шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүнө катыштырууга тыюу салынат.

Өкмөт башчы Аскар Сариев жолугушууну уюштурууга аралашпаганын, ага жөнөкөй адам катары катышканын "Азаттыкка" билдирди. (RsK)

XS
SM
MD
LG