Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:27

Турдукулов Бекматовго байланыштуу БШКга арызданды


Абдыжапар Бекматов
Абдыжапар Бекматов

Жарандык активист Адил Турдукулов Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовго байланыштуу аталган мекеменин жетекчиси Нуржан Шайлдабековага бүгүн, 10-октябрда арыз тапшырды. Анда шайлоо комиссиялары тууралуу мыйзам (12-беренесинин 4-бөлүгүндө) боюнча партия мүчөлөрү БШКга мүчө боло албасы, бирок Бекматов “Бир бол” партиясынын мүчөсү катары тизмеде турганы белгиленген.

- Абдыжапар Бекматов “Бир бол” партиясынан тизмеде талапкер болуп, аны арыз менен жокко чыгарган эмес. Дагы деле 33-болуп тизмеде турат. Бул БШК боюнча мыйзамга каршы келет. Ошондуктан бул маселени карап чыгууну талап кылып жатам. Жогорку Кеңешке кат жолдоп, аны көрсөткөн фракция, парламент кайра чакыртып алып, жумуштан четтетиш керек деп ойлойм. Ошондой эле ал катышкан БШКнын жыйындары жана чечимдер дагы кайра каралып чыгышы керек, - деди Адил Турдукулов​.

Буга чейин Бекматов өзүнүн кызматтык ордунун мыйзамдуулугу тууралуу түшүндүрмө берип, “Бир бол” партиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде эмесмин деп айткан:

- Конституциялык мыйзамдын 21-беренесинде талапкердин статусу деген бар. Анда “шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин, кандидаттын статусу өзүн жоготот” деп турат. Мен бул боюнча Жогорку Кеңештин комитетине да кат жазгам. Ал жактан мага “2015-жылдын 20-октябрынан кийин эле талапкерлик милдеттен бошотулгансың” деген жооп келген. Эгерде кайрадан Жогорку Кеңешке шайлоо болуп, мен партиянын тизмесинде катталып, БШКда да мүчө болуп отурсам анда бул мыйзамсыз болмок.

19-сентябрда да “Акыйкат шайлоо үчүн” коомдук кыймылынын форумунда БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев Абдыжапар Бекматов “Бир бол” партиясынын талапкерлер тизмесинде экенин айтып, мыйзамды бузуп жатканын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG