Испаниянын Каталония автоном аймагынын лидери Карлес Пучдемон парламентте кайрылуу жасаар алдында Барселонада коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Полиция парламент имараты жайгашкан паркты жаап, өкмөттүк имараттарды кайтарууну күчөттү.
Каталониянын лидери жергиликтүү убакыт боюнча саат 6да эл өкүлдөрүнө кайрылат. Жикчил депутаттар бул жыйында 1-октябрдагы референдумдун негизинде көз карандысыздыкты бир тараптуу жарыялоо демилгесин көтөрүшүүдө.
Референдумда добуш берген шайлоочулардын басымдуу бөлүгү Испаниядан өз алдынча болууну колдошкон. Бирок расмий Мадрид бул референдумду мыйзамсыз деп таанып, каталон саясатчыларынын көз карандысыздык жарыялоо демилгесин айыптап жатат.