Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Футбол: Мьянма - Кыргызстан 2:2


Кыргыз футболчулары.
Кыргыз футболчулары.

Мьянма менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши тең чыгуу менен аяктады. Аталган оюн 2019-жылдагы Азиянын футбол конфедерациясынын кубогуна тандоо оюндарынын алкагында (4-тур) 10-октябрда Мьянманын Янгон шаарындагы Thuwanna стадионунда өтүп, 2:2 эсебинде аяктады. Алгач Кыргызстан тараптан Антон Землянухин атаандашынын дарбазасына айып тобун таамай тээп, гол киргизди. Андан соң экинчи тайм башталганда Виктор Майер кыргыз тараптын пайдасына экинчи голду киргизип, улуттук кураманын катарында Кыргызстан үчүн алгачкы голду өзүнүн эсебине жазды. Андан соң мьянмалыктар бир голду киргизүүгө жетишти. Оюндун негизги убактысы аяктагандан кийин төрт мүнөт кошумча убакыт берилген. Беттеш бүтөрүнө саналуу мүнөттөр калганда Мьянма оюнчулары экинчи голду Кыргызстандын дарбазасына узатып, эсепти теңөөгө жетишти.

Буга чейин аталган эки команданын ушул жылы 4-сентябрда Бишкекте боло турган беттеши коопсуздук маселелеринен улам өкмөт башчы Сапар Исаковдун чечими менен токтотулган. Бул беттеш боюнча азырынча АФК тарабынан чечим кабыл алына элек.

2019-жылдагы АФК кубогунун тандоо оюндарына беттештер 2018-жылдын 29-мартында аяктайт. Кыргыз футболчулары алдыда 14-ноябрда Макао курамасы менен беттешет. 2018-жылы 29-мартта Бишкекте индиялык футболчуларды кабыл алат. Учурда Кыргызстан "А" тобунда төрт упай менен үчүнчү катарда бара жатат. Биринчи катарда Индия болсо, экинчи катарга Мьянма курама командасы жайгашты. (ECh)

XS
SM
MD
LG