Өкмөттөн билдиришкендей, Исаков Орусиянын Сочи шаарында КМШ мамлекеттеринин жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйындарына катышат.
Буга чейин 10-11-октябрга белгиленген жыйындарга президент Алмазбек Атамбаевдин өзү барары айтылган.
Бирок президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү шайлоо күнү айрым саясатчылар кылмыш дүйнөсүн колдонуп, чет мамлекеттердеги саясатчылардын каржылоосу менен массалык башаламандык чыгарууга даярдык көрүп жатышканы тууралуу аныкталган фактыларды эске алып, Атамбаев өлкөдөгү тартипти жана коопсуздукту жеке көзөмөлүнө алуу үчүн Сочиге пландалган жумушчу сапарынан баш тартты деп кабарлаган.
Сочидеги жыйындарга катышууну өкмөт башчы Сапар Исаков баштаган делегацияга табыштаганы маалымдалган. Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Ага 11 талапкер катышып жатат. (NT)