Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

Милош Земан Орусияны Украинага кенемте төлөөгө чакырды


Милош Земан.
Милош Земан.

Чехия президенти Милош Земан Орусияны Крымды аннексиялап алганы үчүн Украинага акчалай же электр кубатын жеткирүү аркылуу кенемте төлөөнү сунуштады.

10-октябрда Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясынын сессиясында сөз сүйлөгөн Земан аннексияланган Крым жана Украина чыгышындагы согуш үчүн Евробиримдик Орусияга киргизген санкцияларды сынга алды. Земан Кубаны мисал келтирип, санкциялар натыйжа бербей турганын айтты. Мындан тышкары Германиянын мурдагы президенти Йоахим Гауктун жарым аралды Украинага күч менен кайтаруу мүмкүн эмес деп айтканына таянып, Москва Киевге каржы же мунай менен газ жеткирүү аркылуу "компенсация" бериши керектигин сунуштады. Ошол эле маалда Земан бул анын жеке пикири экенин баса белгиледи. Чехияда тышкы саясатты Орусияга каршы санкцияларды колдогон өкмөт аныктайт.

Милош Земан мурда дагы санкцияларды сындап келген. Крым аннексиялангандан кийин Москвада болгон чех президенти быйыл ноябрда дагы Орусияга барат. Атаандаштары Земанды орусиячыл саясатчы деп атап келишет.

XS
SM
MD
LG