Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:54

Казакстан "Кордайда" текшерүүнүн күчөшүнүн себебин кабарлай элек


Кыргыз-казак чегиндеги "Кордай" өткөрмө бекети.
Кыргыз-казак чегиндеги "Кордай" өткөрмө бекети.

Казакстан Кыргызстан менен чек арадагы "Кордай" бекетинде түзүлгөн кырдаал боюнча түшүндүрмө бере элек. Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкын Абдыкариева "Азаттык" радиосуна жарандардын чек арадан өтүүсү кыйынга туруп жатканы тууралуу маалымат бар экенин ырастап, бирок Астана мунун себебин расмий кабарлай элек деп билдирди. Маалыматка караганда, Кыргызстан тараптан учурда чектөө же тоскоолдук жок.

“Кордай” өткөрмө бекетинде текшерүү күчөп жатканын, 10-октябрдын түнү чек арада узун кезек пайда болгонун, эл бир нече сааттап жөө жана машине менен чек арадан өтө албай турганын ал жактагы күбөлөр социалдык тармактарда маалымдашкан. Чек арада кезек күткөндөрдүн бир катары текшерүүнүн катаалдашын президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигин сындаганы менен байланыштырышкан. Интернетте да ушундай кабар тараган.

Президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда казак бийлигин кыргыз шайлоосуна кийлигишип жатат деп катуу сындаган болчу. Ал казак президенти Нурсултан Назарбаевдин президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов менен жолукканын, дагы бир талапкер Темир Сариевдин казактандык бизнесмен Булат Утемуратов менен телефондон сүйлөшкөнү тараган аудиожазууларды сынга алган.

Бишкектен 25 чакырым түндүктөгү Кыргызстандын "Ак жол", Казакстандын "Кордай" өткөрмө пункту эки өлкөнү байланыштырган негизги бекет. Ал аркылуу күнүнө 25 миңдей адам жана эки миңдей автоунаа өтөт. (NT)

XS
SM
MD
LG