Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

Тбилисиде полиция менен оппозиция кагылышты


Тбилисидеги кагылышуу. 10-октябрь, 2017-жыл.
Тбилисидеги кагылышуу. 10-октябрь, 2017-жыл.

Грузиянын борбору Тбилиси шаарында полиция менен оппозициялык партиялардын активисттеринин ортосундагы кагылышуулар маалында 8 киши кармалды. Алар борбордук аянттагы жер тилкесин миллиардер Бидзина Иванишвилиге тиешеси бар компанияга берүү тууралуу бийликтин чечимине каршылык билдирип чыгышкан.

Маалыматтарга караганда, кагылышуулар полиция шаардык кеңештин жыйынына Грузия парламентиндеги оппозициялык партиялардын мүчөлөрүн киргизүүдөн баш тарткандан кийин башталган. Конституцияга ылайык, алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн жыйындарына катыша алышат. Бирок Тбилиси шаардык кеңешинин төрагасы жыйын жабык өтөрүн билдирген.

Оппозициячыл депутаттар тарапташтарынын жардамы менен полиция курчоосун жарып өтүүгө аракет кылышып, бирок катуу каршылыкка туш болушту. Анын жүрүшүндө бир нече активист кармалып, административдик айыпга жыгылды. Алар күнөөлүү деп табылса айып пул төлөп же бир нече жумага камакка алынышы мүмкүн.

Оппозициячыл депутаттардын нааразылыгына карабастан, «Грузин кыялы» партиясынын мүчөлөрү көпчүлүктү түзгөн шаардык кеңеш жер тилкесин мейманкана куруп жаткан компанияга берүү чечимин бекитти. Муну алар миңдеген жумушчу орундары түзүлө тургандыгын менен түшүндүрүшүүдө.

XS
SM
MD
LG