Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:42

Кыргызстан Liglass менен келишимден чыкты


Өкмөт үйү
Өкмөт үйү

Кыргызстан чехиялык Liglass Trading компаниясы менен кабыл алынган келишимден чыкты. Бул тууралуу токтомго өкмөт башчы Сапар Исаков кол койду. Өкмөттөн кабарлашкандай, бул компания менен бардык сүйлөшүүлөр токтотулду.

5-октябрда соңку жолугушуу өтүп, анда чех тарапка Кыргызстан бул келишимден чыгып жатканы маалымдалган. Себеби катары чехиялык компания келишим боюнча өз милдеттерин аткарбаганы көрсөтүлгөн.

Liglass Trading CZ 8-октябрда өзүнүн сайтына ортодогу талаш-тартыштарды чечүү үчүн кыргыз тарапка жумуш тобун түзүү сунушун бергенин жазып чыккан болчу.

Кыргызстан чех компаниясы менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу келишимге быйыл 11-июлда кол койгон. (RK)

XS
SM
MD
LG