Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:59

"Кыргызкөмүр" башчысын иштен алууда саясий себеп жок экени айтылды


“Кыргызкөмүр” ишканасынын башкы директору Мырза Жаманбаев иштен алынды. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттен бүгүн кабарлашкандай, көмүр өндүрүүнүн көлөмү былтыркы деңгээлге салыштырганда быйыл 65% аз болууда.

Мекеме Жаманбаевдин иштен алынышында эч кандай саясий жок деп билдирди.

Буга чейин айрым интернет-басылмалар Жаманбаев “Кыргызстан” партиясынын мүчөсү болгондуктан кызматынан четтетилгени жазып чыгышкан. "Кыргызстандын" лидери Канатбек Исаевди УКМК 30-сентябрда кармап, камакка алган.

Ал "массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" деген айып боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалганы маалымдалган.

Исаев күнөөсү жок экенин айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG