Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 12:39

Ысык-Көлдө бир тууган ага-ини 27 жаштагы кызды сабап өлтүрдү деген шек менен кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, кечээ 10-октябрда эртең мененки саат 7:00 чамасында милицияга ооруканага оор абалдагы аял жеткирилгени тууралуу маалымат түшкөн.

Ыкчам иликтөө тобу каза болгон кыз Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын тургуну экенин аныктады. Кылмышка шектүүлөр ага-ини, Бостери айылынын 31 жана 32 жаштагы тургундары.

Учурда аталган факт боюнча кылмыш иш козголуп, экспертизалар дайындалды жана иликтөө иштери жүрүп жатат. (AsM)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG