Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:04

Чек ара кызматы: Казакстанга өтүү үч бекетте кыйын болууда


Кыргыз-казак чек арасы
Кыргыз-казак чек арасы

Учурда кыргызстандыктар кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө үч бекетте кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Бул Таластагы “Чоң-Капка” жана Чүйдөгү «Ак-Жол» менен «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө бекеттери.

Мекеменин маалыматына караганда, кечээтен бери кырдаал өзгөрө элек.

Жарандар да, автоунаа да топтолуп турат.

Казак тараптан азырынча расмий комментарий бериле элек.

Чек арада кезек күткөндөрдүн бир катары текшерүүнүн катаалдашын президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигин сындаганы менен байланыштырышкан. Интернетте да ушундай кабар тараган.

Президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда казак бийлигин кыргыз шайлоосуна кийлигишип жатат деп сындаган. Ал казак президенти Нурсултан Назарбаевдин президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов менен жолукканын, дагы бир талапкер Темир Сариевдин казактандык бизнесмен Булат Утемуратов менен телефондон сүйлөшкөнү тараган аудиожазууларды сынга алган.

Кыргызстан Казакстан менен чек арасын күзөтүүдө күчөтүлгөн тартипке өткөнүн бүгүн Мамлекеттик Чек ара кызматы кабарлады.

Ага чейин казак чек арачылары транспорттун жана адамдардын өтүүсүн күчөтүлгөн тартипте текшере баштап, мунун айынан өткөрмө бекеттерде адамдар жана автомашиналар топтолуп калган. Мындай көрүнүш азыр да уланууда.

Кыргызстандын Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартип “президенттик шайлоо мөөнөтүнө” киргизилгенин, кыргыз тараптан эч кандай чектөө жок экенин белгилеп жатат. (YR/RK)

XS
SM
MD
LG