Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:40

Нарында бешинчи класстын окуучусу өз жанын кыйды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Нарындын Ат-Башы айылында 11 жаштагы окуучу кыз муунуп каза болду. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Нарын облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Медина Султаналиева билдирди.

Анын айтымында, милицияга кабар 9-октябрда келип түшкөн.

Райондук бөлүмдүн кызматкерлери окуя болгон Казыбек айылына барганда 2006-жылы туулган окуучу кыз үйүнүн мончосуна кирип, жоолукка асынып алган жеринен табышкан.

Кыздын ата-энеси эч кимге доосу жок экенин айтып, тил кат жазып беришкен.

Учурда бул окуя боюнча Ат-Башы райондук Ички иштер бөлүмү иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. (MiK)

XS
SM
MD
LG