Чукул жыйын менен кошо Испания премьер-министри Мариано Рахой бүгүн парламентке кайрылуу жасаганы жатат.
Мунун алдында кечээ кечинде Каталония автоном аймагынын жикчил лидерлери көз карандысыздык декларациясы деп аташкан документке кол коюшкан.
Ага чейин каталон президенти Карлес Пучдемон 10-октябрда парламенттеги сөзүндө 1-октябрдагы талаштуу референдумдун жыйынтыктары аларга Испаниядан бөлүнүү укугун берди деп ырастаган.
Бирок ал аймактык парламентке көз карандысыздык декларациясынын күчүнө киргизүүнү Мадрид менен диалог баштоо үчүн токтото турууну сунуштады.
Пучдемондун сөзүнөн кийин ал өзү жана аймактык парламенттин ондогон жикчил мыйзамгерлери Каталония өкүлдөрүнүн декларациясы деген документке кол коюшкан.
1-октябрдагы талаштуу референдумда Каталониянын шайлоого укуктуу калкынын 43% же 2, 3 миллиону добуш берген эле.
Аймактык бийликтер алардын 90% көз карандысыздыкты колдоду деп жарыялашкан.
Расмий Мадрид референдумду мыйзамсыз жана Конституцияга каршы деп атаган. (UE)