АКШнын бомба таштоочу B-1 үлгүсүндөгү эки учагынын Жапония, Түштүк Кореянын учактары менен машыгуусу Түндүк Кореянын өзөктүк жана ракеталык программасы боюнча тирешүү чыңалып турган учурга туш келди.
АКШ армиясынын маалыматына караганда, Корей жарым аралындагы машыгуу 10-октябрдын түнүндө болду.
Бул аралыкта Вашингтондо президент Дональд Трамп аскерий жетекчилер менен жыйын курду.
Ак үй маалымдагандай, жыйында Түндүк Кореянын өзөктүк курал менен АКШны жана анын өнөктөштөрүн коркутуусун алдын алуу үчүн зарыл чаралар талкууланды.
Акыркы апталарда Түндүк Корея Жапонияга караштуу аралдын үстүнөн эки ирет ракета учуруп, өзөктүк сыноолорунун алтынчысын өткөргөн. (UE)