Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:05

Чек ара кызматы: Казакстан менен 8 өткөрмө бекети бар


Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында төрт эл аралык жана төрт эки тараптуу өткөрмө пункту бар. Чек ара кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, чек арадан күнүнө 30 миң адам өтөт.

Эл аралык өткөрмө бекеттерге “Ак-Жол”, “Чалдыбар”, “Ак-Тилек” жана “Чоң-Капка” өткөрмө пункттары кирсе, эки тараптууга “Кең-Булуң”, “Токмок”, “Кайыңды” жана “Каркыра” чек ара пункттары кирет. Булардын арасынан “Кайыңды” жана “Каркыра” өткөрмө бекеттери жай мезгилинде гана иштейт.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, күнүнө кыргыз-казак чек арасын 1800 автоунаа кесип өтөт. Эки өлкөнүн ортосунда “Ак-Жол” бекети эң ири чек ара пункту болуп саналат. Бул жерден күнүнө 12 миң адам жана 500-600 автоунаа өтөт.

Ал эми “Чалдыбардан” күнүнө 4-5 миң адам жана 300-400 автоунаа өтсө, “Токмоктон” 5-6 миң адам, 100-150 транспорт каражаты өтөт.

Жайкы туристтик сезон учурунда эки өлкөнүн чек арасынан күнүнө 70 миң адам өтөт.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 10-октябрдан бери казак-кыргыз чек арасында өзгөрүүлөр байкала элек. Өткөрмө бекеттерде адамдардын жана транспорт каражаттарынын кезеги коштолуп, “Ак-Жол”, “Ак-Тилек” жана “Чоң-Капка” өткөрүү пункттарында оорчулуктар жаралууда.

Бүгүн Казакстан өзүнүн чек арасын күчөтүлгөн режимге алганын Кыргызстандын Чек ара кызматы маалымдады. Азырынча расмий Астана эмне үчүн чек ара күчөтүлгөн режимге өткөнүнө түшүндүрмө бере элек.

XS
SM
MD
LG