Мындай ишараны Орусия тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасин "РИА-Новости" агенттиги менен 10-октябрдагы маегинде жасады.
Маек Орусия тышкы иштер министрлигинин расмий интернет баракчасына да жайгаштырылды.
Карасиндин айтымында, Кыргызстандын аймагында Орусиянын экинчи аскерий базасын жайгаштырууну карап көрүү маселесин президент Алмазбек Атамбаев быйыл 20-июнда, Москвадагы жогорку деңгээлдеги сүйлөшүү учурунда сунуш кылган.
Бирок Орусия тышкы иштер министринин орун басары белгилегендей, алар үчүн “Борбор Азияда азыр бар аскерий базалардын мүмкүнчүлүктөрү” аймактын учурдагы жана потенциалдуу коркунучтары” менен алектенүүгө абдан эле жетиштүү.
Карасин Орусия тарап алдыда бул базалардын “күжүрмөн потенциалын” чыңдоого көңүл бурарын да кошумчалады.
Буга чейин премьер-министр Сапар Исаков өткөн айдын соңунда Москвага жасаган сапары учурунда "РИА- Новости" агенттиги менен маегинде “Кыргызстан өзүндө гана эмес, жалпы аймакта коопсуздукту камсыз кылуу үчүн түштүктө аскерий база жайгаштыруу зарыл деп эсептейт. Бирок азырынча эки тараптуу акыркы чечим жок. Бул боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат, - деп билдирген эле.
Орусиянын Канттагы аскер-аба базасынын туруу мөөнөтү 2012-жылкы соңку келишимде 15 жылга узартылган. (UE)