Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

Атамбаев: Театр үчүн акчаны орустардан алдым, кыргыз байлары зыкымыраак


Талас шаары, Музыкалык драма театрынын ачылышы, 11.10.2017
Талас шаары, Музыкалык драма театрынын ачылышы, 11.10.2017

Таласта Капар Медетбеков атындагы музыкалык драма театры ачылды. Театрдын ачылыш салтанатына бүгүн президент Алмазбек Атамбаев катышты.

Республикалык бюджеттен каржыланган курулуш 2008-жылы башталган. Бирок каражат тартыш деген негизде объект бүтпөй келген. Курулушту Жерүйдөн түшкөн акча менен жандантуу демилгеси да көтөрүлгөн.

Быйыл 14-сентябрда президенттин фондунан имараттын курулушун аяктоого 45 млн сом бөлүнгөн.

Бүгүнкү иш-чарада сүйлөп жатып Алмазбек Атамбаев бир миллион сом көрүндүк ала келгенин айтып, бул акча жакшы спектаклдерди коюуга жумшалса деген каалоосун айтты жана театрдын курулушуна каражатты орус жаранынан алганын билдирди:

- Декорацияларына жетпей калса, мен дагы каражат берем. Атамбаевдин фонду башка жактан чогултулат. Көрүнгөн мамлекетте досторум бар. Акыркы 45 миллион сомду деле бир орустун байынан алып келгем. Кыргыздын байлары зыкымыраак, ачык айтканда. Бир тыйын бербейт, - деди Атамбаев, бирок кайсы орус жараны тууралуу айтып жатканын тактаган жок.

Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү быйыл 1-декабрда аяктайт. Соңку күндөрү ал аймактарды кыдырууда.

Таласта акыркы жолу 2014-жылы болгон. (AlS)

XS
SM
MD
LG