Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Адвокат: Канатбек Исаевди видеого тарткан адам кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү


Канатбек Исаев
Канатбек Исаев

Депутат Канатбек Исаевдин жактоочусу Улан Жумаков интернетке чыккан чуулгандуу видеону тарткан адам уюшма кылмыш топтун мүчөсү болгонун маалымдады. Бул тууралуу жактоочу маалымат жыйында айтып, видеодо депутат берип жаткан 800 миң сом үгүтчүлөрдүн айлык маянасы болгонун маалымдады.

- Исаевди жалган жалаа менен кармашты. Адам соттун чечими менен гана күнөөлүү деп айтылат. Исаевдин видеосунда бийликти күч менен басып алуу боюнча сөздөр айтылган эмес.

"Кыргызстан" партиясынын лидери, ЖК депутаты Канатбек Исаевди УКМК 30-сентябрда кармап, камакка алган.

Башкы прокуратура ал "массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" деген негизде козголгон кылмыш иштин алкагында кармалганын маалымдаган.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Канатбек Исаев тергөө аяктаганга чейин камакка алынган. Исаевдин жакындары жана саясий өнөктөштөрү ал саясий негизде камакка алынды деп билдирүүдө. (SDz)

XS
SM
MD
LG