Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Таласта Атамбаев менен жолуга албай калгандар нааразы болууда


Талас. Музыкалык драма театрынын ачылышында президент менен жолугушууга чакырылгандар.
Талас. Музыкалык драма театрынын ачылышында президент менен жолугушууга чакырылгандар.

Таласта президент Алмазбек Атамбаев менен жолуга албай калган жарандар нааразы болууда. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна жергиликтүү тургун Эркинбүбү Эшимбаева билдирди:

- Мен көп жылдан бери укук коргоочу болуп иштейм. Бакиевдин режимине каршы болуп, Атамбаев бийликке келгенде баарыбыз тикебизден тик туруп, ошо кишини шайлап алдык эле. Бүгүн болсо чакыруу кагаз менен деп милиция баарын тосуп коюп, кире албай жатабыз. Эмнеге киргизбей жатканын түшүнбөй калдык. Жаран катары Атамбаевдин сөзүн угалы дегенбиз.

Бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Таласта иш сапар менен болду. Алгач ал Манастын күмбөзүнө барып зыярат кылды. Андан кийин Музыкалык драма театрынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчы 2014-жылы облуска иш сапар менен каттаганда жашоочулар курулушу бүткөрүлбөй жаткан театрдын маселесин көтөргөнүн эске салды. “Мен үчүн бул маселени чечүү абдан маанилүү эле. Талас жергеси таланттарга бай” -деди Алмазбек Атамбаев.

Ошондой эле ал 2010-жылдагы бийлик алмашкан мезгилди эстеп, “Балким, 6-апрелде Таластагы окуялар болбосо, 7-апрель окуялары да болмок эмес. Ошол үчүн Талас элине рахмат” деди.

Театрдын курулушу 2008-жылы башталып, каражаттын жоктугунан улам токтоп турган. Ал президенттик фонддон бөлүнгөн 45 миллион сомго бүткөрүлгөнү маалымдалды. (AlS)

XS
SM
MD
LG