Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

Казакстан чек аранын өз тарабына блокпостторду орнотту


"Кордай" көзөмөл бекети. 11-октябрь, 2017-жыл.
"Кордай" көзөмөл бекети. 11-октябрь, 2017-жыл.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылып жатканына бүгүн “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы күбө болду.

"Кордай" бекети. 11-сентябрь, 2017-жыл.
"Кордай" бекети. 11-сентябрь, 2017-жыл.

Бул аралыкта Казакстанга өтүү төрт бекетте кыйындаганын Кыргызстандын чек ара кызматы ырастады.

Чек ара кызматынын расмий өкүлү Салкын Абдыкариеванын айтымында, алар Чүйдөгү «Ак-Жол»,«Ак-Тилек», “Чалдовар” жана Таластагы “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрмө бекеттери.

Кечээ кечтен бери бул бекеттерден жарандардын да, автоунаалардын да өтүүсү жайлап, алардын топтолуусу байкалууда.

Казак тарап кырдаал боюнча азырынча расмий комментарий бере элек.

Чек арада көзөмөлдүн күчөшү президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик шайлоого байланыштуу казак президенти Назарбаевди кескин сындап, буга казак өкмөтү да жооп кайтарып, Атамбаевдин сөздөрүн “чагым” деп атагандан кийинки учурга туш келди.

Казак премьер-министри Бакытжан Сагинтаев 10-октябрда, өкмөт олтурумунда Кыргызстан кара жолдо да, темир жолдо, аба жолдо да Казакстан аркылуу чыгат, Астана эч кандай “чектөөлөргө” барган эмес деп ырастаган.

Казакстан менен чек арасын күзөтүүдө күчөтүлгөн тартипке өткөнүн бүгүн Кыргызстандын Мамлекеттик Чек ара кызматы кабарлады.

Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартип “президенттик шайлоо мөөнөтүнө” байланыштуу киргизилгенин, кыргыз тараптан эч кандай чектөө жок экенин белгилеп жатат. (UE/RK)

XS
SM
MD
LG