Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:00

Казакстан чек арадагы көрүнүштү “пландуу операция” деп атады


"Кордай" көзөмөл бекети. 11-октябрь, 2017-жыл.
"Кордай" көзөмөл бекети. 11-октябрь, 2017-жыл.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (КНБ) Чек ара кызматы тарабынан мамлекеттик чек аранын бүткүл периметринде “пландуу чек ара операциясы” жүргүзүлүп жатат. Буга байланыштуу чек арадан өткөн жарандарды, транспорт каражаттарын, жүктү, товарларды текшерүү күчөтүлгөн. Мындай маалыматты казакстандык Tengrinews.kz кабар агенттиги аталган мекеменин басма сөз кызматына шилтеме жасап таратты.

Tengrinews.kz агенттигинин жазганына караганда, Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы “чек арадан өтүүгө эч кандай чектөө жана тыюу салуу киргизилген жок, аскер кызматчыларынын аракеттери мыйзам чегинде, казакстандык жана чет элдик жарандардын укугун кемсинтүүсүз жүргүзүлүп жатат”, - деп билдирген.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылып жатканына 11-октябрда “Азаттыктын” кабарчысы да күбө болду.

Бул аралыкта Казакстанга өтүү төрт бекетте кыйындаганын Кыргызстандын Чек ара кызматы ырастады.

Чек ара кызматынын расмий өкүлү Салкын Абдыкариеванын айтымында, алар: Чүйдөгү "Ак жол", "Ак тилек", “Чалдовар” жана Таластагы “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрмө бекеттери.

10-октябрдын кечинен бери бул бекеттерден жарандардын да, автоунаалардын да өтүүсү жайлап, алардын топтолуусу байкалууда.

Чек арада көзөмөлдүн күчөшү президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик шайлоого байланыштуу казак президенти Нурсултан Назарбаевди кескин сындап, буга казак өкмөтү да жооп кайтарып, Атамбаевдин сөздөрүн “чагым” деп атагандан кийинки учурга туш келди.

Казак премьер-министри Бакытжан Сагинтаев 10-октябрда өкмөт отурумунда Кыргызстан кара жолдо да, темир жолдо, аба жолдо да Казакстан аркылуу чыгат, Астана эч кандай “чектөөлөргө” барган эмес деп ырастаган.

Казакстан менен чек арасын күзөтүүдө күчөтүлгөн тартипке өткөнүн бүгүн Кыргызстандын Мамлекеттик Чек ара кызматы кабарлады.

Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартип “президенттик шайлоо мөөнөтүнө” байланыштуу киргизилгенин, кыргыз тараптан эч кандай чектөө жок экенин белгилеп жатат. (UE/RK)

XS
SM
MD
LG