Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:45

Жумуш маалында элди тейлебеген ЗАГС кызматкеринин иши каралат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов “Азаттык” радиосуна билдиргендей, жарандык актылардын абалы тууралуу документ алуу, каттоого туруу үчүн келген элди күттүрүп, жеке иштери менен алек болуп отурганы видеого тартылган кызматкерге чара көрүлөт.

9-октябрда интернет колдонуучулардын бири чөнтөк телефонго тартылган видеону социалдык тармактарга жарыялаган. Анда мамлекеттик кызматкер бир нече кишинин күтүп турганына карабай, телефондо күлүп сүйлөшүп, анын арасында тырмагын боеп отурганын көрүүгө болот.

Тасмада ал Жалал-Абад облусунун Сузак райондук Жарандык актыларды катттоо бөлүмүнүн кызматкери экени айтылган. (NT)

XS
SM
MD
LG