Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:40

Мунай ташуучулар: чек арадагы абал күйүүчү майга таасир этпейт


Казакстан менен Кыргызстандын чек арасынан өтүүнүн оорлошу өлкөдөгү күйүүчү майдан көлөмүнө жана баасына таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу “Азаттыкка” мунай ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Улан Кулов билдирди.

- Бизге күйүүчү май Орусиядан темир жол аркылуу келет. Казакстандан эч кандай газ жана күйүүчү май сатып албайбыз.

Улан Кулов Казакстандан күйүүчү май аткезчилик жол менен ташылып келгендиктен, анын жалпы көлөмгө жана баага таасири болбойт деп эсептейт.

10-октябрдан тарта кыргыз-казак чегиндеги “Кордай”, "Ак тилек", “Чалдовар” жана “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жарандардын, автоунаалардын өтүшү кыйынга туруп, узун кезек пайда болгон. Казак тараптан текшерүү күчөп, жарандар бир нече сааттап кезекке туруп жатышат. (SDz)

XS
SM
MD
LG