Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Чек ара кызматы: кырдаал өзгөргөн жок


"Ак-Жол" чек ара бекети
"Ак-Жол" чек ара бекети

Мамлекеттик чек ара кызматынын акыркы маалыматына ылайык “Ак-Жол” чек ара бекетинде 200дөн ашык автоунаа казак тарапка өтө албай турат. Түшкү саат экиге карата тараткан маалыматта, “Ак-Тилек” өткөрүү пунктунда 150 оор жүк ташуучу автоунаа токтоп турат. Бул пунктта казак тарап жарым саатта бирден машинаны өткөрүп жатат.

Ал эми “Чалдыбар”, “Токмок” жана “Чоң-Капка” өткөрүү пункттарында автоунаалардын көлөмү салыштырмалуу аз. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өткөрүү пункттарына жакын жерлерде атайын чатырларды орнотуп, жарандардын тамактанып, жылынуусуна шарт түздү. Ошондой эле эл көп чогулган бекеттерде "Тез жардам" кызматы нөөмөттө турат.

10-октябрдан тарта кыргыз-казак чегиндеги “Кордай”, "Ак тилек", “Чалдовар” жана “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жарандардын, автоунаалардын өтүшү кыйындаган. Казак тараптан текшерүү күчөп, жарандар бир нече сааттап кезекке туруп жатышат. (SDz)

XS
SM
MD
LG