Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:21

Түркмөнстанда коммуналдык кызматтар кымбаттайт


Расмий Ашхабад газ, электр, суунун арзан баасын элди көзөмөлдөөнүн аспабы катары да пайдаланып келген.
Расмий Ашхабад газ, электр, суунун арзан баасын элди көзөмөлдөөнүн аспабы катары да пайдаланып келген.

Суу, газ, электр акысын бир топко көтөрүүнү караган жардыкка президент Гурбангулы Бердымухаммедов 11-октябрда кол койгон.

Ага ылайык эми 1-ноябрдан тарта, маселен, түркмөнстандыктарга ичүүчү суу акысын мурдагыдан 25 эсе көп төлөөгө туура келет экен. Коммуналдык кызмат үчүн субсидиялар жоюла турганын президент Бердымухаммедов ушул апта башында ишара кылган.

Борбор Азиянын газга бай жана калк катуу көзөмөлдөнгөн өлкөсүнүн тургундары буга чейин көгүлтүр оттун, электр кубатынын бир бөлүгүн бекер жана субсидияланган баа менен алып келишкен.

Түркмөн өкмөтү эми бааны кымбаттатууга кирешеси азайганынан улам аргасыз болууда.

Түркмөнстандын экспорттук кирешеси 2014-жылдан тарта эл аралык базарда мунай-газ баасы арзандаганынан улам төмөндөдү. Буга 2016-жылы Орусия көгүлтүр от сатып алууну токтоткону да салым кошту.

Газ соодасы жагынан Ашхабад азыр көбүнесе Кытайга көз каранды болуп турат. (UE)

XS
SM
MD
LG