Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:48

Сузактын айрым мектептеринде окуу үзгүлтүккө учурап жатат


Сузактын Кара-Алма айылындагы эки мектебинде өткөн айдан тартып сабактар үзгүлтүккө учурады.
Сузактын Кара-Алма айылындагы эки мектебинде өткөн айдан тартып сабактар үзгүлтүккө учурады.

Райондун Кара-Алма айылындагы эки мектебинде өткөн айдан тартып сабактар үзгүлтүккө учурады. 370тен ашуун окуучу окуган №44 Төлөгөн Кубатбеков атындагы мектептин бир окуу корпусу кулпуланып, экинчисинде бир-экиден гана окуучу окуп жатат. Мектептин завучу Бактыкан Матмусаева тоолуу айылдарында жаңгак терим башталгандыктан жергиликтүү тургундар балдарын алып жаңгак теримге чыгып кетишкен.

- Ата-энелер мектеп администрациясына балдарын жаңгак теримге алып кетип жаткандыктан уруксат сурап кайрылуу жолдошкон, биз тараптан макулдук берилген эмес. Бул багытта жергиликтүү бийликке билдирүү бергенбиз.

Матмусаева окуулар качан башталары тууралуу маалыматы жок экенин да кошумчалады.

Мектепте 30га чукул мугалим эмгектенет. Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алмаз Бечелов бул багытта кабары жоктугун, текшерүүнүн жыйынтыгы менен мектеп жетекчилерине чара көрүлөрүн билдирди. Сузак районунда 108 орто мектеп бар. (RsK)

XS
SM
MD
LG