АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдиргенине караганда, бул өлкөнүн тышкы саясий мекемесинин башчысы Рекс Тиллерсон Түркияда дипломатиялык кызматкерлердин камакка алынышына байланыштуу “терең тынчсыздануусун” билдирди.
Тиллерсон 11-октябрда Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жарым саатка созулган телефон сүйлөшүүсүндө түрк өкмөтүн алардын кызматкерлерине тагылган айыптоолор боюнча далилдерди берүүгө чакырды.
Өткөн апта соңунда Стамбулдагы консулдугунун эки кызматкери тыңчылык боюнча шектелип камакка алынган соң, АКШ Түркиянын жарандары үчүн виза берүүнү токтоткон эле. Түркия дагы өз тарабынан мына ушундай жооп чарага барган.
Вашингтон менен Анкаранын пикир келишпестиктери Сириядагы куралдуу жаңжалга, Түркиядагы былтыркы аскерий төңкөрүш аракетине, айрым түрк расмийлерине каршы АКШда козголгон кылмыш иштерине ж.б. да байланыштуу.
Бул аралыкта Түркия премьер-министри Бинали Йылдырым “өнөктөш эки өлкөнүн мамилеси кыска убакытта жөнгө салынарына үмүт” билдирсе, АКШнын коргоо министри Жим Мэттис учурдагы талаш тараптардын аскерий кызматташтыгына зыян тийгизбегенин белгиледи. (UE)