Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

Тажикстанда кургак учук менен күрөшкө имамдар тартыла баштады


Душанбедеги мечит.
Душанбедеги мечит.

Тажикстандын дин иштер боюнча комитети коомдук мечиттердин имам-хатибдерине жума намаздар учурунда башка маселелер менен катар кургак учук проблемасын да көтөрүүнү сунуш кылды.

Бул тууралуу 12-октябрда “Азаттыктын” тажик кызматы кабарларды.

Маалыматка караганда, Тажикстанда азыр кургак учук илдетине каршы күрөшүү боюнча беш жылдык долбоорду Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министрлиги АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча ЮСАИД агенттигинин жардамы менен ишке ашырып жатат.

Ал эми Дин иштери боюнча комитеттин бул жумушка имам-хатибдерди тартуусу алар аркылуу элдин кургак учук боюнча маалыматын күчөтүү максатын көздөйт.

Тажикстанда диний кызматкерлердин саны 4000ге жетет. Расмий маалыматка караганда, өлкөдө азыр кургак учук илдети менен катталган 10 миңдей адам бар.

2015-жылкы изилдөөгө караганда, Тажикстанда ар бир 100 миң адамга кургак учукту жуктурган 60 киши туура келет. (UE)

XS
SM
MD
LG