Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:33

Орусия Крымдын сүрөтү түшүрүлгөн банкнот чыгарды


Орусия Борбордук банкынын төрайымы Эльвира Набиуллина жаңы банкноттор менен тааныштырууда. Москва, 12-октябрь, 2017-жыл.
Орусия Борбордук банкынын төрайымы Эльвира Набиуллина жаңы банкноттор менен тааныштырууда. Москва, 12-октябрь, 2017-жыл.

200 жана 2000 рубль номиналындагы жаңы банкноттор менен бүгүн Орусиянын Борбордук банкынын төрайымы Эльвира Набиуллина тааныштырды. Аларда Ыраакы Чыгыштын жана аннексияланган Крымдын сүрөттөрү түшүрүлгөн.

Борбордук банктын төрайымынын айтымында, Орусиянын аталган эки аймагына жаңы акча ушул айдын ичинде барат. Ал эми жүгүртүүгө бүткүл өлкө боюнча декабрь айында гана чыгартылат.

Бул аралыкта Украина президенти Петро Порошенко кечээ Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы – ПАСЕнин жыйынында сүйлөгөн учурунда Крымдын Орусияга кеткени “ишке ашкан факт” жана Киев мунун ордуна компенсация алса болот деген ойлорду четке какты.

Орусия менен Крым үчүн Украинага мунай, газ же акча түрүндө компенсация төлөөсү боюнча диалог жүрүшү керек деген сунушту ПАСЕнин жыйынында Чехия президенти Милош Земан жасаган болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG