Ош шаарында президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун атынан адамдарга акча таратуу фактысын милиция иликтей баштады. Териштирүүдөн соң иш сотто каралып, тийиштүү чечим чыгарылмакчы. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди:
- Бул факты боюнча арыз түшө элек. Бирок видеону иликтеп жатабыз. Айта кетчү жагдай, добуш сатып алуу фактыларын териштирип, чара көрүү Борбордук шайлоо комиссиясынын жана соттун милдети. Ага карабай, биздин жетекчилик бул жагдайды иликтөөнү тийиштүү кызматкерлерге тапшырды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев да эч кимден даттануу түшө электигин, арыз жазылса ага жараша иликтөө жасалып, чечим кабыл алынарын билдирди.
10-октябрда интернетке тараган видеотасмада Ош шаарынын тургуну Шахрух Саиповго бир аял жана эркек миң сом сунуштап, президенттик шайлоодо бийликтин талапкерин колдоону суранышкан. Саипов алардын бул аракети мыйзамсыз экенин айтып, артка кайтарган.
Жээнбековдун шайлоо штабынын өкүлү, КСДПнын Оштогу координатору Талипбек Козуев мындай көрүнүштөрдү кимдир бирөөлөрдүн талапкерди атайын каралоо аракети деп баалады. (SE)