Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:17

Сириядан келген террордук уюмдун мүчөсү кармалды


Кармалган К.Х.
Кармалган К.Х.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети контртеррористтик иш-чаралардын алкагында 39 жаштагы К.Х. аттуу кыргызстандыкты кармады. Атайын органдар кармалган адам өлкөдөгү кырдаалды дестабилдештирүү максатында террористтик актыларды уюштуруп, аны ишке ашыруу максаты менен жүргөнүн маалымдайт.

Аныкталган маалыматтар боюнча К.Х. 2013-жылы Кыргызстандан чыгып кетип, Сириядагы "Сайфуллах аш Шишани" башында турган "Жабхат Фатх аш Шам" террордук тобунун катарына кошулуп, өкмөттүк күчтөргө каршы согуштук аракеттерге катышкан. Ал 2016-жылы террордук уюмдун башчыларынын тапшырмасы менен Сириядан өлкөгө кайтып келген.

Расмий күч органдардын маалыматы боюнча Сириядагы согуштук аракеттерге 500дөн ашык кыргызстандык катышып жүрөт. (SDz)

XS
SM
MD
LG