Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:09

Казакстан: Назарбаев менен Исаковдун ортосунда сүйлөшүү болгон эмес


Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаевдин маалымат кызматы Кыргызстандын өкмөт башчысы Сапар Исаковдун 11-октябрда кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча Фейсбук баракчасына жазганы тууралуу расмий билдирүү таратты. Анда казак президенти Нурсултан Назарбаев менен Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаковдун ортосунда сүйлөшүү болбогону, анын Назарбаевге басып барып кыска убакытка маектешүү болгону гана белгиленген.

“Экинчиден, "Казакстан президенти өкмөткө чек арадагы маселени чечүүгө тапшырма берди” деген маалымат чындыкка жатпайт. Бул маселе боюнча өкмөттөр аралык кеңешүүнү өткөрүү боюнча тапшырма берилген”, - деп жазылат Сагинтаевдин расмий сайтына жарыяланган билдирүүдө.

Муну менен катар казак премьер-министринин маалымат кызматы бурмаланбаган, так маалымат таратуу үчүн бардык маалымат каражаттар менен иштешүүгө даяр экенин билдирген.

Бул тууралуу кыргыз тарап жаңы билдирүү даярдалып жатканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

11-октябрда премьер-министр Сапар Исаков Евразиялык экономикалык кеңештин Сочидеги жыйынынын алкагында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүп, кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаал тууралуу маалымат бергени айтылган. Өкмөттүн маалымат катчысы Гүлнура Торалиеванын белгилешинче, Исаков чек арадагы абалдан Кыргызстандын гана эмес, Казакстандын жана башка үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары да жапа чегип жатканын белгилеген. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Нурсултан Назарбаев казак өкмөтүнө чек арада жаралган бардык маселелерди чечүүнү тапшырганы кабарланган.

Казакстандын Коопсуздук комитети чек арада “пландуу операция” жүргүзүлүп жатканын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG