АКШ БУУнун бул маданий уюмунан чыгып жатканын жарыялоо менен ЮНЕСКОну “антизраилдик” багыты үчүн айыптады.
Мамлекеттик департаменттин өкүлү Хизер Нойерттин айтымында, 2018-жылдын 31-декабрынан тарта АКШнын ЮНЕСКОдогу өкүлчүлүгү “байкоочу миссия” макамында болот.
“Бул чечим жеңил кабыл алынган жок. Ал ЮНЕСКОго фундаменталдык реформалар зарылдыгын жана антиизраилдик багыты боюнча АКШнын тынчсызданууларын чагылдырып турат”, - деп белгиледи Нойерт.
ЮНЕСКОнун башчысы Ирина Бокова АКШнын чечимине “терең өкүнүч” билдирип, чечимди “көп тараптуулуктун жоголушу” деп мүнөздөдү.
Вашингтон 2011-жылы ЮНЕСКО өз мүчөлүгүнө Палестинаны кабыл алгандан кийин бул уюмду каржылоону токтоткон, бирок анын Париждеги кеңсесинде өз өкүлчүлүгүн сактап калган.
АКШ ЮНЕСКОдон 1980-жылдары да уюм саясий максатта колдонулуп жатат деген жүйө менен чыгып кетип, 2003-жылы кайра кошулган.(UE)