“Хамас” жана “Фатх” топтору 12-октябрда Египет борбору Каирде кол коюлган келишимди олуттуу бурулуш деп аташты.
Расмий өкүлдөрдүн айтымында, бул келишим Палестинанын атаандаш эки саясий тайпасынын он жылга созулган тирешин соңуна чыгарышы керек.
Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас Каирдеги сүйлөшүүлөрдүн соңунда жетишилген документти “жыйынтык макулдашуу” деп мүнөздөдү. Ага ылайык эми “Хамас” кыймылы Газа тилкесиндеги административдик бийликти Иордандын Батыш жээгиндеги өкмөткө өткөрүп берет.
Палестин автономиясынын бул эки аймагы 2007-жылдан бери өз-өзүнчө башкарылат. 2006-жылы “Хамас” кыймылынын Палестинанын мыйзам чыгаруу кеңеши үчүн шайлоодогу жеңиши эки тайпанын тирешүүсүнө, Газада кагылышууларга алып барган эле.
2007-жылы “Фатх” менен “Хамас” коалиция куроону макулдашкан, бирок “Хамас” кийин кайра Газада өзүнчө өкмөт түзгөн болчу.
“Фатх” жана Палестин автономиясынын өкмөтүнүн карамагында Иордандын Батыш жээгинин Израилдин көзөмөлүндө эмес бөлүктөрү калган.
2014-жылы “Фатх” менен “Хамас” түзгөн элдешүү келишими улуттук биримдик өкмөтү куралышына алып барган, бирок ал келишимдин шарттары толугу менен аткарылган эмес. (UE)