Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:28

Азимбек Бекназаров президенттик жарыштан чыкты


Коомдук ишмер Азимбек Бекназаров президенттик жарыштан чыкканын КТРКдагы дебат учурунда билдирди.

- Мен улуттук күчтөрдүн талапкери катары президенттик жарыштын финалдык бөлүгүнө катышпоону чечтим. Талапкер катары бир ай бою өз платформамды тааныштыруу менен алек болдум. Бирок жарыштын финалдык бөлүгүндө 15-октябрь күнү таразага акча менен байлык коюлуп жатат. Ошол себептен мен бүгүндөн тартып өз талапкерлигимди алып салам. Бул багытта туруктуу элдик кеңештин да чечими бар.

12-октябрда КТРКда президенттик кызматка талапкерлердин теледебаттарынын экинчи бөлүгү өттү. Бул дебаттарга Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров, Арсланбек Малиев, Темир Сариев катышты. Жадыбал боюнча теле таймашка дагы бир талапкер Сооронбай Жээнбеков да катышууга тийиш болчу. Бирок шайлоо алдындагы үгүт иштеринин алкагында аймактарда жүргөндүктөн дебатка келе албай турганын айтып, кечирим сураганын алып баруучу Алмаз Касымалиев билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын соңку маалыматтары боюнча Азимбек Бекназаров шайлоо өнөктүгүнө 2 миллион сом коротту.

Шайлоо мыйзамына ылайык, 10-сентябрда президенттикке талапкерлердин расмий тизмеси бекитилип, бюллетендер даярдала баштаган. Ага 13 талапкердин аты-жөнү киргизилген. Эми шайлоодон четтеген талапкерлердин аты-жөнү шайлоого үч күн калганда бюллетенден кол менен сызылат. Буга чейин жарыштан Камчыбек Ташиев жана Бакыт Төрөбаев чыкканын билдиришкен. (ZMa)

XS
SM
MD
LG