Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:14

БШК: Бекназаровдун аты бюллетенден чийилбейт


Азимбек Бекназаров
Азимбек Бекназаров

Азимбек Бекназаров талапкерлигин алып салуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынына расмий арыз тапшыра элек. Бул тууралуу БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, мыйзамга ылайык талапкер шайлоого үч күн калганга чейин расмий арыз тапшырып, баш тарта алат. Андыктан анын аты бюллетенде калат жана чийилбейт.

Коомдук ишмер Азимбек Бекназаров президенттик жарыштан чыкканын 12-октябрда КТРКдагы дебаттын 2-туруна катышкан учурда билдирген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын соңку маалыматы боюнча Азимбек Бекназаров шайлоо өнөктүгүнө 2 миллион сом коротту.

Шайлоо мыйзамына ылайык, 10-сентябрда президенттикке талапкерлердин расмий тизмеси бекитилип, бюллетендер даярдала баштаган. Ага 13 талапкердин аты-жөнү киргизилген. Эми шайлоодон четтеген талапкерлердин аты-жөнү шайлоого үч күн калганда бюллетенден кол менен сызылат. Буга чейин жарыштан Камчыбек Ташиев жана Бакыт Төрөбаев чыкканын билдиришкен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG